Свернуть поиск
БУЮККАН СЫР...
Чачы буурул тартып, мүнөзү коюуланганда минтип секелек кызды сүйүп калам деп ойлобоптур Чоро. Ырас, далай сулуунун түшүнө кирген жигит эле кезинде. Бирок, алардын бирине да минтип бүлүнгөн эмес. Ийнеликтей кызды бир көргөндө ааламына чок түштү да, анан ал акырындап жалынга айланды. Алгач көргөн күн күнү бүгүнкүдөй көз алдында.
Ошол күнү жумуштан чыгып мединститутта лекциясы жок болсо да негедир бара кеткиси келди. "Үйгө барганда эмне, андан көрө Жунуштар менен кобурашып пиво ичип отуралычы" деген ойдо барган. Кирип баратып топ кыздын залга туруп алып каткырып жатканын көрүп кыжырлана "ай, ушу азыркы жаштар" деп ичинен силкинип алды. Чоронун Жунуштун эшигин тартып, бек экенин
4 комментария
26 классов
СӨЗСҮЗ ОКУҢУЗ!...
--Алло Болот, түн бир оокум болуп калды, чарчадың го? Кичине шам-шум этип өзөк жалгап албасаң да керек, кардың ачты го? Балдарың да: "атакем качан келет?" деп зарыгып күтүп отурушуп, араң уктаттым... Үйгө эртерээк келип эс алып алып, ишиңди эртеси деле сергек акылың менен улантканың дурусураак болмок го? - деп Болоттун келинчеги телефон чалгандан кийин гана Болот иш- кагаздарынан башын көтөрүп, чынындыгында эле чарчай түшкөнүн сезет. Бир сыйра өзүнчө керилип- чоюлуп алып кагаздарын ирээтке келтирип жыйыштырып коюп, иш бөлүмүнүн эшигин бекитип, ачкычын уйкусураган кароолчуга тапшырып берет. Жылуу имараттын ичинен эшике чыгаары менен кеч күздүн соккон муздак желине ичиркени
3 комментария
21 класс
КАРООЛ.
1-бөлүм
(Башы) аңгеме
Жаназа окулуп бүткөндөн кийин тургандар бир дүрбөп алып анан маркумдун жакындары табытты дарс көтөрө жай гана сыртка алып жөнөп калышты. Аялдардын коштошуу ыйы узатып жатты маркумду. Албетте, туулгандан берки түнөгүнөн күдөрү үзүлүп, түз насиби түгөнүп,жакындарынын көмөгүндө чыныгы түбөлүктүү үйүнө баратпайбы маркум. Бейит айылдын эле четинде болгондуктан колмо- кол эле көтөрүп бара беришти, парзын өтөгөндөр. Артта күбүр -шыбыр болгондору да жок эмес. Жайы каттуу чыгып кабырдын кечиккенин айтып жатышты. Тим эле топурак чиештей болуп казуу өтө кыйын болуптур айтымдарына караганда. Пендечилик да, кандай жагдай болсо да гыйбат сөздөн эч өксү эмеспиз. ,, Пейили
1 комментарий
9 классов
Баарыңыздарга бекем ден соолук каалаймын, оорубаңыздар!
(аңгеме) ЧЫНЫГҮЛ.
Алгач жааган кардын суугу сөөккө өткөн кеч күздө Чыныгүл кемпир уулунун үйүнө кайтып келди. Ал картайып, такыр ишке жарабай, алы-күчтөн тайып калган эле. Арыктап, сыздап ооруган буттары менен өз босогосун араң аттады. Жарытып аны менен учурашкан да киши болбоду. Энесин баштан-аяк бир “жалт” карап алган уулу ага ак да, көк да дебеди. Кабагын бүрккөн калыбында кире бериш бөлмөдө эртеден бери алектенип жаткан ишин уланта берди. Мындай мамиле ансыз да бутун араң шилтеп келген кемпирди ого бетер алдан тайдырып, биротоло алсыратып жиберди. Аӊгыча төркү бөлмөдөн келини чыга калды. Анын көзүндөгү заарды кемпи
2 комментария
38 классов
СЫРДУУ КЕЛИН...
7-БӨЛҮМ
Эмне ызырынасыз, күнөөлү кызыңыз болуп жатса кайра сиз мындай кылганыңыз эмнеси, жакшы сүйлөшкөндүн ордуна кайра мага тиш кайрыйсызда, менин алдымда эч минте алган эмес, мен адам менен бир гана жолу сүйлөшөм, көнбөсө ал адам экинчи менин алдыма тизе бүгүп жалдырап келгени менен пайдасы жок, эмне сүйлөшөбүзбү деп Айболот керсейе сүйлөдү. Сен эмне деп жатканыңды билесиңби, менин кызым андай кыз эмес, мен эч качан сенин алдыңа тизелеп келбейм билдиңби, кызым буйруса акталып чыкса көрөсүң, сени сотко берип ээлеген столуңан бошотом ошондо сен мага тизелеп келесиң, кылган ишиңе башың мыкчый өкүнөсүң, сага окшогон кызыл шапкеченге тизелегенимен көрө тик туруп өлгөнүм жакшы
5 комментариев
39 классов
СЫРДУУ КЕЛИН...
6-БӨЛҮМ
эмне болду тынччылык элеби? Тынччылык эле, кечээ Хазирет деген бала менен жүргөн экен, бизге ошол Хазирет тууралуу маалымат керек болуп жатат, айылдагылардан сурасак Аруузат менен сүйлөшчү дейт, ошого келдик. Кызымдын азыр сүйлөшө турган акыбалы жок, балким эртең же бүрсүгүнү келесиңер, деп аларды Кеңеш палатага киргизбей койду. Өмүш чөнтөгүнөн кашалекту алып чыгып ичинен мына бул жерде алты миң сом, дары дармек алып тургула, а калганын кийин сүйлөшөбүз деп басып кетти. Кеңеш жок дегенде рахмат деп койсоң боло, операцияны да ошол жасабадыбы деп Жайнаш Кеңешке карады. Чын эле мээмэ келбей калганын карабайсыңбы, Өмүш сага рахмат, операция үчүн дагы. Эч нерсе эмес бул
1 комментарий
30 классов
СЫРДУУ КЕЛИН...
5-бөлүм
Ичине арак менен кошо жин кирип кеткен Өмүш, арам оюн ишке ашырып, кыздан аккан кыздык белгисин аарчып, сыр билгизбей наркоз таркай электе, Аруузаттын бир колун кесип салып, мына эми бүттү дегенсип жанагы бөлмөгө кайра жөнөдү. Шаң-шөөкөт болуп жаткан жерге кирип барса, кээ бирлери тырайып мас, кээ бирлери үйүнө кетип калган, үй алдым деп жууп берип жаткан жетекчиси шилекейи агып отурган столго башын коюп уктап калган, арасында бир эки эле медайым мас болбосо да кызып калган, алар ойго отурушат. Кирди дагы Зуура тиги кызга операция жасап бүттүм, эми өзүң көзөмөлгө ала бер деп столго бутун кере отура калды, кантип жалгыз эле операция жасап койдунузбу деп таңгала кетти
4 комментария
32 класса
АЯШ АТАМДЫН БАЛАСЫ...
10-БӨЛҮМ
Аяш энем менен болуп журуп Аманды коп ойлобой да калыпмын. Бугун жумушка келип Аман экообуз тушкон суротту копко тиктеп отурдум. Гулжан кандай бактылуу кыз дедим ичимден. Мага акыркы кундору Аман Гулжанга уйлонгондой эле болуп туюлуп жатты. Билбейм. Аман жонундо кандай ойлонушту да билбей калдым. Бирок мен Аманды суйом. Болгону ошол. Кызык?
Суйом!, бирок кутпойм
Суйом! бирок аны корбойм.
Суйом! бирок ага турмушка чыкпайм. Ушундай суйуу кантип болсун? Жок, Мен Аманды омур бою суйом. Аны унутууга акым жок. Озумчо терезеге карап ушуларды ойлонуп кетипмин.
-Алтынай дагы ойлонуп баштадынбы деп калды, Гуля Эштаевна. Мен ага карап
-Жоок, жон эле деп койдум.
4 комментария
14 классов
загрузка
Показать ещёДополнительная колонка
О группе
Кызыктуу чыгарма,аңгемелерди окуу жана жан дүйнөнү байытуу, пайдалуу кеңештер! теңин табуу
https://www.instagram.com/bakyt_uiu?igsh=MTVvenQ2NjRzdDY3Zg==
Показать еще
Скрыть информацию
Фото из альбомов
Правая колонка