Свернуть поиск
Правая колонка
Жанара айылдагы эң акылдуу, тарбиялуу кыздардын бири эле.
Мектепти бүтүргөн күнү апасы аны бекем кучактап:
— Кызым, шаарга билим издеп барасың. Бирок кайсы бийиктикке чыкпа, адамдык сапатыңды жоготпо. Бизди эмес, өзүңдү уят кылба, — деди.
— Кабатыр болбоңуз, апа. Мен эч качан өзгөрбөйм, — деп күлүп коштошкон.
Бирок шаар башкача дүйнө экен…
Жаңы достор, кооз жашоо, кымбат кийимдер, көңүл ачуу, сүрөткө түшүү… Баары акырындык менен Жанаранын дүйнөсүн өзгөрттү.
Ал айылдан чалгандарга жооп бербей калды. Айылдык экенин айтуудан уялып, өзүн шаарда чоңойгондой көрсөтө баштады.
Ал эми ата-энеси болсо таң атпай эмгек кылып, ар бир тыйынды кызы үчүн чогултуп жүрүштү.
Апасы күн сайын:
— Курсагың токпу, кызым? Өзүңдү карап жүр, — деп чалчу.
Жанара болсо көбүнчө:
— Азыр бош эмесмин… Кийин сүйлөшөм… — деп телефонду өчүрүп койчу.
Ошентип Жанаранын туулган күнү келди.
Достору куттуктап, гүлдөрдү көтөрүп келишти. Кымбат ресторанда күлкү жаңырып, сүрөттөр тартылып жатты.
Ошол учурда телефону кайра-кайра шыңгырады.
Экранда бир эле сөз күйүп турду…
«Апа…»
Жанара телефонду карап:
— Азыр эмес… Үйгө барганда сүйлөшөм… — деп үнүн өчүрүп койду.
Бул анын апасынын акыркы чалуусу экенин ал кайдан билмек…
Түн ортосунда белгисиз номерден чалуу келди.
— Сиз Жанарасызбы?.. Кечирип коюңуз… Апаңыз жол кырсыгына кабылды. Акыркы демине чейин сизди чакырып жатты. “Кызымды чакыргыла…” деп кайра-кайра айтты… Бирок сиз жетишпей калдыңыз…
Ошол замат дүйнө Жанара үчүн токтоп калгандай болду.
Айылга жеткенде апасын акыркы сапарга узатууга даярдап жатышкан экен.
Жанара апасынын муздап калган колун бетине басып:
— Апа… Бир эле жолу телефонду көтөрсөм болмок… Бир эле жолу үнүңүздү уксам болмок… Мени кечириңиз… — деп өкүрүп ыйлады.
Бирок бул жолу апасы үн каткан жок.
Өмүрүндө биринчи жолу кызынын үнүн укпай, түбөлүк сапарга кеткен эле.
Кыркы өткөндөн кийин атасы эски сандыктан апасынын күндөлүгүн алып чыгып:
— Муну апаң сен үчүн жазып жүрчү… — деп кызынын колуна карматты.
Жанара титиреген колдору менен барактарын ачты.
Биринчи бетинде:
“Бүгүн жөн эле кызымдын үнүн уккум келди…”
Кийинки бетинде:
“Пенсия алдык. Элден кем болбосун деп баарын кызыбызга жөнөттүк.”
Дагы бир бетинде:
“Кызым дагы акча сураптыр. Атасы экөөбүз эски мотоциклди сатып жибердик.”
Андан ары:
“Эки койду сатып, окуусуна кошуп бердик. Кызым эч нерседен кем болбосун…”
Акыркы баракта болсо бир гана сүйлөм бар эле.
“Эмнегедир бүгүн жүрөгүм кызыма жетпей тургандай сезилип жатат…”
Ошол сапты окуганда Жанаранын көз жашы кагазга тамып кетти.
Ал телефонун ачып 12 жолу алынбаган апасынан келген чалууну ачып ,экранды көкүрөгүнө кысып алып:
— Апа… Эми чалыңызчы… Бир жолу эле чалыңызчы… Бул жолу сөзсүз жооп берем… — деп боздоп ыйлады.
Бирок кээ бир чалууларга кайра жооп берүү эч качан мүмкүн болбойт.
Кээ бир өкүнүчтөр өмүр бою адамдын жүрөгүндө жашайт…
Саадат Жанболотова

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2