Свернуть поиск
Правая колонка
5-бөлүм
Ичине арак менен кошо жин кирип кеткен Өмүш, арам оюн ишке ашырып, кыздан аккан кыздык белгисин аарчып, сыр билгизбей наркоз таркай электе, Аруузаттын бир колун кесип салып, мына эми бүттү дегенсип жанагы бөлмөгө кайра жөнөдү. Шаң-шөөкөт болуп жаткан жерге кирип барса, кээ бирлери тырайып мас, кээ бирлери үйүнө кетип калган, үй алдым деп жууп берип жаткан жетекчиси шилекейи агып отурган столго башын коюп уктап калган, арасында бир эки эле медайым мас болбосо да кызып калган, алар ойго отурушат. Кирди дагы Зуура тиги кызга операция жасап бүттүм, эми өзүң көзөмөлгө ала бер деп столго бутун кере отура калды, кантип жалгыз эле операция жасап койдунузбу деп таңгала кетти Зуура. Эмне күмөнүң барбы, сен мектепте окуп жүргөн кезиңде, мен ишке киришкем, далай-далай ардак громаталарым бар, адамдын колуң кесиш мен үчүн оор жумуш деле эмесго. Ооба мен сизди ишин билбейт деген жерим жок, болгону дайым операция жасаганда жаныңызга бирөөнү ээрчитип алчыңыз эмес беле ошого сурап жатам да. Ээрчитип алмакмын, майрамда силерди кенен эс алып алсын дедим да. А жакшы анда мен барайын деп Зуура сырткары чыгып кетти. Кирсе Аруузат мемиреп таттуу уйкуда уктап жатат, байкуш неме тагдыры талкаланганын билгендей көзүнөн сызылып жаш агып калган. Көпкө барып жалдыратып көзүн ачты, ата кайдасыз деген биринчи сөзү болду. Оу кызым жакшы элесиңби, мен жаныңдамын деп Кеңеш кызынын чекесинен сылады. Сыртта турган Кеңеш менен Жайнаш жаңы эле киришкен эле. Мага эмне болду, катуу тердеп чыктым го, түшүмдө менин үстүмө асман кулап, асмандын алдында белгисиз бир кишилер каткырып күлүп жатты, арасында жанагы медик ага бар экен деп, чекесинде терди аарчыйын деп колун көтөрөйүн десе колу жок. Ата-апа колум кана, эмне кесип салыштыбы деп чыңырып жан кейите ыйлайт, ага кошулуп апасы Жайнаш дагы ыйлап кирди. Болду тынчын албай сыртка чыгыңыздар деп Зуура, экөөнү сыртка чыгарды дагы, мына бул кагазга жазылган дарыларды алып келгиле, анан тиги Өмүштүн ийгиликтүү операция жасаганын эстен чыгарбай колуна акча карматып же болбосо өзүңүздөр билип бир нерсе алып келип берип коюңуздар, деп Зуура басып кетти.
Кеңеш менен Жайнаш миң кейип-кепчигени менен арга барбы, тагдырдын сыноосуна сыналгандан бөлөк эмне кылат, колуна жазылган дары дармекти алды дагы дары алганы сыртка чыгып кетишти. Күн түштөн ооп калган, жамгырдын нөшөрү эчак токтоп асман чайыттай ачык, көчөдө эле күндөгүдөй көр тиричилик менен алек, шаардагы эл бири-бири менен иши жок эмеспи, жол жээгинде кайыр сурап колун сунгандар, арака тойуп жол жээгинде жаткандар, кыскасы күндөгүдөй эле көрүнүш. Саламатсыздарбы бул дарылар барбы деп колундагы кагазды сунду Кеңеш. Сатуучу окуп көрүп, оа бар жети миң сегиз жүз болот, каап менде эки миң эле бар эле, эми кандай кылабыз, эки миңге келишинче бере бериңиз калганын эртең алабыз деп акчасы жеткенче дары дармегин алды дагы сыртка чыгып кетишти. Кеңеш эми эмне кылабыз, үйдөгү акчадан алып алсак болмок экен, азыр барып келгенге жетишпей калабыз, бирөө-жарымдан акча сурап турайлы десек же шаарда тууган-туушканыбыз болсочу деп Жайнаш кейий. Биринчи ооруканага барып тиги медайымга болгон дарыларды берип, калганын эртең алып келип берели дейли, анын үстүнө тиги операция жасаган кишиге да акчабыз калбай калды, буйруса эртең ала келебиз да майда чүйдө. Аптека оорукананы жанында болгондуктан бат эле жетип келип калышты. Эмне болду дарыларды алып келдиңиздерби деп алдынан Зуура тосуп чыкты. Мына акчабыз болгону ушул дарыларга эле жетти, үйдөн көп акча алып келбей калыптырбыз, шашып болгону бир аз эле тыйын салып алган экем жетпей калды деп колундагы пакетке оролгон дарыларды сунду. Менден сурап алсаңыздар болмок экен, сиздер эртең иче турган дарыларын алып келе берипсиздер, бүгүн сөзсүз бул дарыларды бериш керек деп барака жазылган дарыларды көрсөттү. Эми эмне кылабыз, сиз де акча жок беле медайым, биздин үй алыста барып келгенче кеч болуп кетет. Менде кайдагы акча, биздин айлык бир айдан кийинки айга жетпей калат. Аңгыча ары жактан Өмүш келип калды. Ал бир аз өзүнө келип калган. Эмне болду эмне болуп жатат деп Зуураны карай. Дарыга акчалары жетпей калыптыр. Канча? беш миң сегиз жүз сом деп Жайнаш жооп бере калды. Мен берип турайын деп чөнтөгүн сыйпалап калганда, сырттан кызыл шапкачан эки милиция кирип келди. Кеңеш кызы Аруузат ушул жердеби? Ооба ушул жерде,
Уландысы бар...
Автор: Акматбеков Заирбек

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 6