Свернуть поиск
Правая колонка
6-БӨЛҮМ
эмне болду тынччылык элеби? Тынччылык эле, кечээ Хазирет деген бала менен жүргөн экен, бизге ошол Хазирет тууралуу маалымат керек болуп жатат, айылдагылардан сурасак Аруузат менен сүйлөшчү дейт, ошого келдик. Кызымдын азыр сүйлөшө турган акыбалы жок, балким эртең же бүрсүгүнү келесиңер, деп аларды Кеңеш палатага киргизбей койду. Өмүш чөнтөгүнөн кашалекту алып чыгып ичинен мына бул жерде алты миң сом, дары дармек алып тургула, а калганын кийин сүйлөшөбүз деп басып кетти. Кеңеш жок дегенде рахмат деп койсоң боло, операцияны да ошол жасабадыбы деп Жайнаш Кеңешке карады. Чын эле мээмэ келбей калганын карабайсыңбы, Өмүш сага рахмат, операция үчүн дагы. Эч нерсе эмес бул менин жумушум да. Мына медиктердин баары акча болсо эле карайт, аларга акча керек акчаң жок болсо карабайт дечиң эле, мына даже ал бизге акча берип турду, бар экенби жакшы адамдар деп Жайнашка сөз узатып коёт. Мен дагы биринчи ирет көрүшүм, элдер айтса ишене берген экенмин. Эл айтса эле ишене бергениң жаман сенин, жүр көп сүйлөбөй дарыларын алып келип берели да, айылга дароо жөнөйлү, үйгө барып кайра шаарга чыгышыбыз керек. Жанагы эки милиция эмнеге келген болду экен а, деги тынччылык болсо экен, ушу Аруузатка бирдемке болгон чагым, жана ким деди Хазирет дедиби ошол бала менен, эрте менен келе жатканыбызда тиги шоопур Хазирет дегенде Аруузаттын өңү кубарып башкача боло түштү, колу эмне болуп күйгөнүн дагы айтпай жатат. Азыр кызымдан бир нерсе сураганга болбойт, ал ансыз деле колу кезилгенге эзилип жатат, эки үч күн өтсүн өзүнө келсин, анан баарын айтып берет. Аруузатка дары дармек алып келип беришип кайра айылга жолго чыгышты. Аруузаттын ыйлай берип көздөрү шишип калган, бир жагынан Хазирет оюнан кетпей бир жагынан колу жоктугу. Ошентип бүгүнкү күн дагы өттү. Карачы айылдан аткан таңдын нурун, айылда таза аба, түркүн-түркүн канаттуулардын сайраганы, сөз менен айтып жеткизиш кыйын. Тур эй уктап кетиппиз го, малдарга чөп салып суу бере кал, мен чай даярдай калайын деп Жайнаш Кеңешти тургуздуү Түнү менен жол жүрүп келгенге эч нерсени билбей уктаптырмын го, кой тез жөнөйлү деп шаша буша кийинип сарайга жөнөдү. Ошентип кайра ооруканага келишти, палатага кирсе Аруузат жок.
Аруузат кайда кетти, ме сен буларды кармап турчу сурап келе калайын бөлөк палатага которсо керек да деп Кеңеш, колуна пакетте салынган майда чүйдөлөрдү Жайнашка кармата калды дагы Зууранын бөлмөсүнө жөнөдү. Бөлмөгө жетерде Зуура өзү чыгып калды. Саламатсызбы Аруузатты бөлөк жака котордустарбы, палатасында жок экен го? Жок эч кандай эч жака которгон жокпуз, аны милициялар алып кетишти. Эмне дейсиң, эмнеге эмне үчүн, ал азыр ооруканадан чыкканга болбойт эле го. Болот чыкканга, болгону дарыларын калтырбай ичип туруш керек, биз атайын чыгармак белек, милициялардын уруксат кагаздары бар экен, толук маалыматты Өмүштөн сураңыздар ошол билет. Дароо эле Өмүштүн бөлмөсүнө жөнөдү. Ассалому аллейкум Аруузатты эмнеге алып кетти, эмне болду эмнеге уруксат бердиңиздер? Аллейкум ассалом алгач отурунуз демиңизди басыңыз, кел деп колун суна столду көрсөттү. Столго отурду дагы ий эмне болду? Кызыңар сүйлөшкөн жигити боюнча сурака алып кетишти, жигити дайынсыз экен эки күндөн бери, силердин айылыңардан эркек кишинин сөөгү табылыптыр, азыр экспертизага алып кетишиптир, алардын айтуусу боюнча сүйлөшкөн кызы өрттөп салган, өрттөп жатып колун дагы күйгүзүп алган деп шектелип алып кетишти. Кайсы жерге алып кетишти? Жарнайдын убактылуу кармоочу жайында дейт, мына бул менин визиткам каалаган учурда чалсаңар жардамым аябайм. Макул сизге рахмат деп шашыла чыгып кетишти. Жайнаш жүрү тезирээк жөнөйлү, Аруузатты милициялар алып кетишиптир. Ий кокуй десе кудай сакта деп Жарнайдын убактылуу кармоочу жайына жөнөштү. Такси менен бат эле жетип келишти. Кирип барса Аруузатты сурака алып жатышкан экен, Аруузат ата-энесин көрүп ыйлап жиберди. Ыйлаба кызым, күнөөң жок болсо сага булар эч нерсе кыла алышпайт, тескеринче буларды кайра сотко беребиз. Жүрүңүз сыртка чыгыңыз сиз менен сүйлөшүбүз керек деп бир жигит Кеңешти өз бөлмөсүнө алып кирди. Менин атым Айболот, мен тергөөчүмүн кызыңыз жигити Хазиретти өрттөп өлтүргөн деп шектелип жатат, чагымда кызыңызды зордуктаган чыдабай кетип эмне кылып өрттөп жибергенин азыр түшүнбөй жатабыз, текшерилип жатат, кызыңызды текшеришти эле кыздык белгиси жаңы эле алынган экен. Эй сен эмне деп жатасың деп ордунан тура калып столду колу менен муштай калды...
Уландысы бар.
Автор: Акматбеков Заирбек

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3