Свернуть поиск
Правая колонка
(аңгеме) ЧЫНЫГҮЛ.
Алгач жааган кардын суугу сөөккө өткөн кеч күздө Чыныгүл кемпир уулунун үйүнө кайтып келди. Ал картайып, такыр ишке жарабай, алы-күчтөн тайып калган эле. Арыктап, сыздап ооруган буттары менен өз босогосун араң аттады. Жарытып аны менен учурашкан да киши болбоду. Энесин баштан-аяк бир “жалт” карап алган уулу ага ак да, көк да дебеди. Кабагын бүрккөн калыбында кире бериш бөлмөдө эртеден бери алектенип жаткан ишин уланта берди. Мындай мамиле ансыз да бутун араң шилтеп келген кемпирди ого бетер алдан тайдырып, биротоло алсыратып жиберди. Аӊгыча төркү бөлмөдөн келини чыга калды. Анын көзүндөгү заарды кемпир дароо байкады. Башын жерге салып, колундагы түйүнчөгүн кайда коёорун билбей кайсалап калды.
—Акыры келген экенсиз да, энеке! – Келини кемпирди ары өткөрбөй, кире бериште каарып кирди. - Кайсы бетиңиз менен босогобузду аттадыңыз…
-Алиман, болду, токтот, көрбөй турасыңбы акыбалын! –Кемпирдин уулу отурган жеринен аялына кыйкырды.
- Акыры келээр жери ушул үй экен, чалдан чалга тийип жүрбөй энең биз менен эле жашабайбы, кана, эми ошол чалдардын бири муну караганын, эртең өлсө көмгөнүн. — Жаалданган келини күйөөсүнө сүйлөнүп кирди. – Алы-күчүнүн барында же бу неберелерин багышып койбоду. Көрүнгөн чалдын ыштан, көйнөгүн жууп, казанына күйпүл-ала болуп, күчүн, кубатын баарын ошолорго берди. Эми минтип арып-карып калганда өлүгүн бизге артканы келиптир, өзүбүз эптеп балдарды окутуп, үйлөп-жайлайлы деп атсак…
– Жап оозуңду! – Кемпирдин уулу этек-жеңин күбүп, ордунан тура калды. Урук байлап, куураган каакым сымал «үф» десе төгүлүп калчудай үлдүрөгөн апасынын колунан түйүнчөгүн алып текчеге койду. Көзүн жаш чайган кемпир келинине сөз кайтарбады, анын ушул сөздөрдү айтаарын билген. Болгону ал өз үйүнө баш багып атып кудайдан тезирээк өлүм тиледи, келинине кор болгусу келбеди.
Чыныгүл бир айылдын ичинде эле беш ирет чалга тийди. Бешөө тең андан мурда өлүп калды, бешөөсүн тең өз колу менен о дүйнө узатты. Ал минтип эрден эрге тие тургандай эрсирек аял эмес эле… Айыл аксакалдарынын сөзүн жерге таштай албай, жалбарып колун сурагандардын көңүлүн кыя албай…
Кемпир азыр, бир топ жылдардан соӊ өз үйүнө кайтып келип уул, келинине батпасын түшүндү. Өз үйүнө өзү жат болуп калыптыр. Кайда барат? Эрден эрге тийген энеси үчүн уулу ичинен намыстан чирип жүргөнүн Чыныгүл кайдан билсин…, ал өзүнүн мындай тагдырга кириптер болоорун да кайдан билсин… Кемпир көп жылдар бир жакка барып, оор кызматта иштеп, кайтып келген кишидей чарчап турду. Буту-колдорунун сыздап ооруганын, бели бүкчүйгөнүн, көзү тунарганын кемпир азыр үйүнө келип ого бетер сезди. Эптеп өзүнүн эски керебетине мөгдөйүп жетти да жатып калды. Ошол бойдон турган жок. Келини үйгө кирип-чыгып, өз алдынча наалып, сүйлөнүп жүрө берди. Кемпирдин кулагына бу сөздөр жеткен сайын анын дарман-алы ошончолук куруп жатты…Энесине жан тартымыш болгон уулу да бир кирип алын сурап койбоду. Кемпир акыркы деми калганча уулун күттү, ага айтаар сөзү бар эле. Ачык турган эшиктен көз албай, телмирип, эл жатаар убак болгончо уулум менден бир кабар алаар деген жүрөк түпкүрүндөгү үмүтүн үзбөдү. Кире бериштеги эшик ачылып, жабылып, далисте ары-бери баскан кадамдын добушун сезген сайын кемпир башын көтөрүп, уулун чакырганга далбас урду. Бирок көкүрөгүн басып, муунткан жүк оорлоп, кемпир кыймылдай албады. Үйдө баары уйкуга баш койгон маалда кемпирдин алсыз согуп аткан жүрөгү биротоло токтоп калды.
Чыныгүл күйөөсүнөн жаш калган, жалгыз уулун бапестеп, жетим тонун кийгизбей багып чоңойтту, үйлөп жайлады. Ушуну эле күтүп тургандай, бир күнү анын уулун көчөдөн айыл аксакалдары кармап алып:
— Эсенбек, эр жеттиӊ, үйлөндүӊ, эми энеңди күйөөгө беришиң керек, ал жаш, антпесең акыретте жооп берип каласың, жок дегенде бир ооз “күйөөгө тие бер” деп айтып, эркек балалык милдетиңден кутулушуң керек дешти. Уулу бул сөзду энесине кантип айтаарын билбеди, канча аракет кылса да айта албады. Кантип айтат, энеси капа болуп калсачы. Уулум аял алган соң, мен ага керегим жок болуп калдымбы деп ойлосочу. Анан калса аскар тоо, арка бел энеси эрге тийип кетсе бул үйдө кандай жашоо болсун? Аны элестете да албайт. Көп өтпөй ошол эле айыл аксакалдары Чыныгүлгө жуучу түшүп, түз эле үйгө бастырып келишти. Келгендер кирээри менен, отуруп, отурбай жатып Эсенбекке суроо узатышты.
-Ай, баатыр, энеңе карыз сөзүңдү айттыңбы? - Эсенбек жер карады. Анын кабагы заматта бүркөө тартты, жүзү кызарып кетти.
-Айткан жокмун...,- Каалаганыңар эмне дегенсип ал келгендерге мурчуя карады.
-Анда мындай кылалы, энеңди чакыргын.
Уулунан бетер бети кызарып, уялган, көздөрү кабатыр Чыныгүл келип жайылган дасторкон четине отурду. Эсенбек жер караган бойдон жуучуларга башка үндөбөдү
Чыныгүл кырктан ашып, элүүгө таяп калган мезгили. Жүзүнүн нуру кете элек, тиричиликке чыйрак, жоош-момун зайып. Эри жок канча жыл жалгыз жашаса да, артынан ушак айың айтылбаган, оор басырыктуу, бир мүнөз.
-— Чыныгүл, уулуңа жакшы эне болдуң, үйлөнттүң, эми өзүңдү ойло, аял кишинин бой жүргөнүн шарият да кабыл кылбайт, биз сага жуучу түшүп келдик. Уулуңдун унчукпаганы - анын макул болгону.
Чыныгүл ого бетер кызарып, ансайын жер тиктеп калды. Баятан сүрдөп, сүйлөй албай аткан келин бу сөздөн кийин такыр эле башын көтөрбөй, дасторкон четин тиктеген бойдон же чыгып кете албай, же өзүнүн макулдугун же каршы экендигин да билдире албай айласы кетти. Аксакалдар болсо Чыныгүлдөн жооп да күтүшкөн жок.
— Эсенбек, камылганы көрө бергиле, уулум, Ороз жаман киши эмес. Энеңди кор кылбайт.
Ушинтип бир ооздон өктөм сүйлөгөн айыл билермандары аялдын тагдырын өздөрү эле чечип койду.
Арадан үч күн өткөн соң, Чыныгүл кемпири каза болгон, алтымыштан эбак ашкан айылдагы Ороз дүкөнчүнүн зайыбы болуп калды. Дүкөнчүнүн бир топ жылдан бери жүдөгөн үйү заматта иреттелип, тирилигине башкача бир жан кирди. Ороз абышка өзү ай айланбай жашарып, үтүктөлгөн кийимдерди кийип, таптуу жасалган тамак жеп, кулпура түштү. Айылда дүкөнчүнүн бактысына суктангандар көбөйдү. Ошондо Ороз абышка Чыныгүлдүн сылыктыгын, мээнеткечтигин, ыйманын көрүп, бу келинди мурда эле алып албаганына өкүндү. Кемпири өлгөндөн бери аялдан багы ачылбай канча азап жеди. Бир айылда жашап жүрүп эмне үчүн ушул маалга чейин аны байкабаганына ичи күйдү. Чыныгүл менен көбүрөөк бирге өмүр сүрүүнү кудайдан тиледи. Кийин бир топ жыл өткөн соң, дүкөнчү ооруп төшөктө жатып калганда да Чыныгүл аны өзгөчө камкордук менен бакты.
Ороз дүкөнчү өлөөрүндө ага батасын берип, ыраазылык айтып кетти. Ошол күндөн ушул күн Чыныгүлдү айылдагы кемпири каза болгон абышкалар тооруп, бошотпой коюшту. Бири кайтыш болсо, көп узабай экинчиси ага токтоосуз нике кыйчу. Чыныгүл уулунун үйүнө кайтып барганга да үлгүрчү эмес. Ал турмушка чыккан чалдар жашы бир топко келип калгандар эле. Чыныгүлдүн абышкаларына болгон ак кызматын, аларды бапестеп караганын айылдыктар жакшы билчү. Ал өзү тийген абышкалардан канчалык ызаат-урмат көрдү болду экен, бу жоош зайып чалдары менен өткөргөн турмушу тууралуу эч кимге мактанчу да, наалычу да эмес.
Билинбей жылдар өтүп, ал чачын ак, бетин бырыш баскан кемпир болду. Бирок дагы эле өзү ойлогондой уулунун үйүнө кайтып келе албады. Анын картайып калганына карабай чалдар жуучу түшкөнүн койгон жок. Акыркы ирет чалы өлгөн соң, кырк күндөн кийин Чыныгүл уулунун үйүнө кайтып келмекчи эле. Эми гана көйнөк-көнчөктөрүн жыйнап, камынып атканда айыл аксакалдары, баягы эле сүрдүү, сөзү өктөм айыл аксакалдары чогулуп барып аны: “Дагы бир жолу соопчулук кыл эми” деп көп жылдар башкарма болуп иштеген Абдыразак аксакалга нике кыйышкан. Бул чалы Чыныгүл барганда эле ооруп төшөктө экен. Картайган чалдарды багуу боюнча тажырыйбасы да, жоопкерчилиги да мол Чыныгүл кемпир өз милдеттерин бул үйдүн босогосун аттаары менен эле аткарып кирди. Анан калса чалдардын баары тегиз окшош бир нерсеге муктаж эле - аларды баладай асырап, карап, багуу керек. Жуунтуп, кийим-кечесин таза кармап, ысык чай, жумшак тамак берип, сүйлөсө сөзүн угуп… Чыныгүл туш болгон чалдар баары кемпири өлүп жетим калган, ургаачы кадырын кеч, картайганда түшүнгөн, жашы өтүп, эркектик дымагы эбак өчкөн, ачыгын айтканда кемпирдин көзүн карап, «колго түшүп калгандар» эле. Ушунданбы, Чыныгүл алардын баарын аяп, кыйып таштап кете албай, өлүп калганча карап жүрдү.
Абдыразак чалдын багаар-көрөөрлөрү баары шаарга кетип, акыбалы кыйын эле. Абышка ысык чайын убагында берип, тамак-аштан өксүтпөгөн Чыныгүлдүн колунан өөп, өлөр-өлгөнчө ага ыраазылык айткандан тажабады. Киринтип-жууп, сакал-мурутун кырып тазалаганда абышка бу кемсөз, арык, узун бойлуу кемпирди кучагына кысып, колуна көтөргүсү келип кетчү, бирок дарманы жок. Ошондо ичинен “шуу” үшкүргөн чал кудайдан миң ирет тилегени ушул кемпирдин алдына алса экен, кемпирден мурда өлсөм экен дечү. Абдыразак чал да башка чалдардай эле тилегине жетти. Бул чалы өлгөндөн кийин Чыныгүл өзүнүн алдан-күчтөн тайып, бөтөнчө бир чарчаганын туйду. Чыныгүл өлүп кала электе уулунун үйүнө – өз үйүнө кеткиси келди. Анан калса бул ирет мунун айласын алты кылган мурункудай ага жуучулар да келген эмес эле…
Чыныгүл кемпирдин сөөгүн койгонго эл көп чогулду. Кемпир беш чалынын бала-чакасынын, тууган-уругунун жүрөгүндө калып, кадыры баарына өткөн экен “эсил кайран энем ой” деп ыйлагандарга сан жетпейт. Чыныгүлдүн жалгыз уулунун мал короосу алар согумга деп жетелеп келген кара малга толуп, келининин сандыгына баалуу чүпүрөк-чапырактар батпай калды.
Айыл ичи уу-дуу сөз. Кемпирдин көзү тирүүсүндө үйүнө келип үлгүргөнү баарын таң калтырды. Жаназа түшүргөн молдо Чыныгүлдүн бул жалганда соопту мол топтогонун, акыретте бейишке бараарын тажияга келгендерге тынбай айта берди. Ушунча сый-урматтын баарын тирүүсүндө көрбөгөн, эки ооз керез сөзүн уулуна айта албай калган кемпир гана армандуу суналып жатты...

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2
Келиндерибиз,уул кыздарыбыз,куйоо балдарыбыз ыймандуу болушсун!