Свернуть поиск
Дополнительная колонка
Правая колонка
6- көнүгүү
Арадан бат эле бир ай өтүп, адаттагыдай жумушка келип сабак өтүп жатсам,кызым Амиранын мектебинен чалып калышты.
Саламатсызбы угуп жатам?!- дегенимде
Кызымдын эжейи: Саламатчылык эже акыркы күндөрү Амиранын абалы жакшы эмес, маанайы жок,сабакта жооп бербейт,кыздар м-н урушуп ,көп карама каршылыктар болуп жатат.Анан Амираны олтургузуп жакшы сүйлөшсөм атамды сагындым !- деп айтты .Угушума караганда ажырашыптырсыз,сизди түшүнөм,сизгеда оңой эмес,бирок кызыңызды да унутпаңыздар?!- демекчимин!- дегенде үстүмө муздак суу куюлгандай болду. Өзүм м-н өзүм депрессияга түшүп,балдарыма да маани бербей калган турбаймынбы ?!- деп ,сабак өтүп жатам эмне сүйлөп жатканымды билбейм,күлүп жатам ичим толо ый, араң сабактарымды бүтүп,коллегам Айханга кирип төгүлүп ,төгүлүп ыйладым. Неге деген суроо оюмдан кетпей койду деги эле,апа экенмин,менин ооруганга да,жыгылганга да,ыйлаганга да акым жок экен !- деп, өзүмдү азыр эмес,ооруба,азыр эмес, ыйлаба! Азыр эмес! Тур! Сынба! - деп камчылай баштадым.Жараткан аялды назик кылып жаратканы м-н аябай эле сабырдуу жана кайраттуу кылып жаратыптыр азыр ал күндөрдү эстесем таң калам,мен ушундай сабырдуу белем?! -деп.Ошентип үйгө барып эле кызымды кучактап,эркелетип,дос катары сүйлөштүм,бара бара кызым өзүмө достой болуп, чоң уулум тоодой таяныч болсо, кичүү уулум жан дүйнөмө азык болуп жатты.
Анан психология боюнча окуп,изденип,инстаграмдан сторис,контент тартып улам башка аялдар м-н өз билимимди бөлүшүп жаттым.Бир күнү Сүйүн Калчаев м-н маек куруп,чай ичип отуруп аябай көп суроолорума жооп таптым.
Ортодо себептен себеп табылып башка бир эркек пайда болду жашоомдо!- деп жылмайды.
Анда Айыма : Эхх !- деп оор үшкүрүнүп, интервью га кезек берели,андан соң сиз м-н чайга чыгалычы эжеке,эгер каршы болбосоңуз,мендеги кырдаалдарды да угуп балким мага да жол көрсөтөсүз?!- деп жылуу карап колдорунан тутту.
Ошентип көз жаштарын аарчышып,бири бирин сооротуп, интервьюну баштап калышты.
АВТОР : КАМИЛОВА АЙКАН МЫКТАРБЕКОВНА
УЛАНДЫСЫ БАР......
Чыгарма жакса лайк басып коммент жазып бөлүшүүнү унутпаңыз мусулман бир тууганым 🤍

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 5