Свернуть поиск
Дополнительная колонка
Правая колонка
Өмүр кооз деп ойлочумун, жамандыкты көрө электе..
Баарын дос деп саначуумун, саткандарын боло электе..
Сулуулукту баалачуумун,, жан дүйнөнү биле электе
Ээх бүл өмүр, туура "Бир кем дүйнө"..
Бир өйдө бир ылдый жүргөндөрүн көрдүм..
Бактылуулуктан маз, жалын отуна күйгөндөрүн көрдүм..
Тагдырды күнөөлөп өмүрүнө..
Ээх аттиң ата-эне мээримине зар ыйлаганын көрдүм..
Көзү тирүү жанында ата-энеси жаркылдап..
Уул-кыз балдары аларга тик карап бакырат..
Ата-энеси баррбы жокпу телегейи тегиз жүргөн(((
Ата-энени кор кылган пенделерди көрдүм..
Өзү сулуу, жан дүйнө куурап калган,,..
Менменсиген ак чырайлуу кыздарын көрдүм..
Кыйынмын- деп мактанып, акчасына..
Ээх арам жутуп, адалданган жигиттерин көрдүм..
Сатып аламын деп баарысын акчага..
Сүйлөгөнү дүйнө сатылгыдай башкача..
Акча деген бир тал кагазга..
Алданган көптөгөн байларын көрдүм..
Дене сатып, акча тапкан кыздарын көрдүм..
Жетимден аяган бир сомду, сойкуга арнаган, кыйындар..
Үй-бүлөсүн, баласын көчөгө таштагандар,,,
Бир күндүк дүйнөгө алдангандарын көрдүм..
Жаштык кылдым деп баласынан кечкендери..
Каарылар заар какшап, көз жаштанып кала берди..
Жаркылдап, бата берээр ата-энелер..
Күнө эмеспи бир үйдө баласын күткөндөрү
Жаш баладай тартышып, үй-бүлө бузгандары..
Не деген тилектер менен курган акыры..
Алар жашап, келишпестик болуп калганда..
Күнөөсүз наристе жетим болуп сыздаганын көрдүм
1 тыйынга зар көчөдөгү жаштарын көрдүм..
Баласына таянган оор аяк энелерин көрдүм..
Аларды карап көөпкө ойлонуп көрүп...
Бул дүйнө канчалык булганганын билдим..
Чымчыктар сайрагандан коркуп калган..
Чындыкты жамандык баш ийдирип алган..
Дүйнөөдө баары бирдей эмес..
Бай кедей өз өзүнчө бөлүнүп алган..
Менменсинип, жөнөкөйлүк жоголуп..
Ыйманды текеберлик колдонуп..
Сулуулук көп адамды азгырып..
Чырайы жан дүйнөнү караалап алган..
Наристенин көзү мүңайганын көрдүм..
Жетимдер эч кимден үмүт кылбай жашаганын көрдүм..
Адамдар байлык-бийлик баарын жаратып..
Адамдык касиеттен кечкендерин көрдүм..
Мен жашоодо азбы, көпбү сыноолорду көрдүм..
Өлүмгө тик караган күндөрдү көрдүм..
Аллахым берген сыноо да деп ойум бөлүп..
Кыйналсамда бул жашоону улай бердим..
Сыноолор бири-биринен чубалган..
Көз жашым ыйлай берип куураган..
Ишенем алдыдагы Аллах берген бакытым..
Чын дилден, түбөлүктүү адалдыгын..
(автор..Аида Мадраимовна)

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев